Жыл башынан бери 15 мамлекеттик салык кызматкер жазаланды

Жыл башынан бери 15 мамлекеттик салык кызматкер жазаланды

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын 6 айында жарандардын кайрылуулары боюнча 15 кызматкерине жаза берди жана 9 салык төлөөчү салык мыйзамын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Салык кызматына 6 айда бардыгы болуп 86 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Келип түшкөн арыздардын 35 – салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 20 – ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы боюнча болгон.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгында ар кандай жаза-чарасы колдонулган: 2 – кызматтан бошотулса, 3 кызматкерге карата катуу сөгүш, 2 – сөгүш жарыяланып, дагы 6 – эскертүү жана 5 кызматкерге катуу эскертүү берилген.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамын бузуулар боюнча 20 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 9 билдирүү боюнча фактылар тастыкталып, тартип бузуучуларга административдик мүнөздөгү чаралар көрүлдү. 6 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок, кароо стадиясында 5 факт бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>