Жыл башынан бери Токмок шаарына 6 745 адам каттоого турган

Жыл башынан бери Токмок шаарына 6 745 адам каттоого турган

Жыл башынан бери Токмок шаарына 6 745 адам каттоого турган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдерет.

Мекеменин маалыматына караганда, айрым адамдар үй ээсинин макулдугусуз, эч кандай документи жок эле каттоого турган.  Айрым даректерге 150 адам катталган.

Бул факты боюнча жергиликтүү каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Апрель айында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата Ош, Токмок жана Каракол шаарларына катоого тургандар кескин көбөйгөнү буга чейин белгилүү болгон.

Буга байланыштуу аталган үч шаардын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери кызматтарынан убактылуу четтетилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>