Site icon Reporter.kg

Үч күн мурун коронавирус басаңдайт деген министр, ЖКда илдет кайра күчөй турганын айтты – видео

Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат угулууда.

Жыйында депутат Бактыбек Турусбеков коронавирустун экинчи толкунуна даярдык тууралуу жана илдеттин туу чокусу качан болорун сурады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда экинчи толкун жүрүп жатканын, прогноз боюнча 10-15 күндөн кийин илдеттин туу чокусу болорун билдирди.

Турусбеков министрге 10-15 күндөн кийин оору күчөсө, дары-дармектин запасы жана стационарларда орундар жетиштүүбү? деген собол салды.

Министр дары-дармектин запасы 2 айга жетиштүү жана стационарлар даяр экенин айтты.

Министрдин бүгүнкү парламенттин жыйынында депутаттын суроосуна жооп бергени өзүнүн мурдагы айткан пикирин жокко чыгарды.

Анткени Бейшеналиев 2-ноябрда reporter.kg’ге  интервью берип жатып, коронавирус инфекциясынын жайылуусу 20 күндөн кийин басаңдай турганын билдирген болчу.

Exit mobile version