Site icon Reporter.kg

Үч килограмм алтын уурдаган деп полковник кармалды  

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси, кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, июль айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү баңгизат жана алтынды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу шектүүнү кармашат. Аталган кызматкерлер тинтүү учурунда табылган үч килограммдан ашык алтынды уурдап алышкан.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 200-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки териштирүү башталган.

Анын алкагында буга чейин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын үч кызматкери жана эки жаран кармалган.

Эми аталган иштин алкагында  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси полковник Б.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 

 

 

Exit mobile version