Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу суроого жооп бере албаган ИИМдин орун басары депутаттан тил укту
15.01.2020 10:58
Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.
Вице-спикер Аида Касымалиева Ички иштер министрлигинен 2018-жылы жана 2019-жылы үй бүлөлүк зомбулуктан канча адам өлдү деген собол салды.
Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 2018-жылы эки адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан каза болгонун айтты.
Аида Касымалиева: «Массалык маалымат каражаттарында 2018-жылы 68 аял үй бүлө зомбулугунан өлдү деген статистикалык маалымат жүрөт. Биз дагы суроо берүү үчүн даярданып келебиз. ИИМ силер үчүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулук кылмыш эмес экен да. Колуңуздагы кармап турган кагаздагы маалыматты эжелеп араң окуп жатасыз. Эмнеге даярдыгыңыз жок келесиз. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук бул – трагедия».
Памир Асанов эл өкүлү берген суроолорго так жооп бере албай сынга кабылды.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.