Site icon Reporter.kg

Үсөнбаев: Коронавирус көбүнчө сырттан келгендерден аныкталууда

15 жаңы катталган учурдун, 10у сырттан келгендерден табылса, калганы оорулуулар менен байланышта болгондордун арасынан чыкты. Мындай маалыматты бүгүн, 23-майда өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусунда, жүргүзгөн анализдин негизинде, COVID-19 вирусу көпчүлүк учурда чет өлкөдөн келген жарандарда тастыкталып жатат.

Республика боюнча ооруну жуктургандардын жалпы  саны 1365ге жетти.

 

Exit mobile version