Site icon Reporter.kg

Үсөнбаев: Соль-Илецктен келген мигранттар обсервациядагы медиктердин талаптарына баш ийбей жатат

Соль-Илецктен кайтып келген мигранттар обсервациядагы медиктердин талаптарына баш ийбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

“Соль-Илецктен алынып келинген жарандардын арасында карантиндик тартиптин талаптарын аткарбагандар бар. Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кетүү учурлары да катталды. Ошондуктан тартипке келтириш үчүн милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өзүнүн туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат”, — деди Үсөнбаев.

Ал ошондой эле качып кетүү аракеттери жокко чыгарылып, учурда кырдаал көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 7-майда Соль-Илецк шаарынан 541 кыргыз жараны алынып келген.

Exit mobile version