•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Өкмөт: 1-марттан тарта чек арадан ID-карт менен өтүүгө тыюу салынат

Эртең, 1-марттан тарта Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Өкмөттүн коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалды.

Бул чара республиканын жарандарынын коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилүүдө. Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн  Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды.

Республикалык штаб өлкө жарандарын жоопкерчиликке үндөп, ден соолукка, коопсуздукка жана жарандардын бакубатчылыгына олуттуу коркунучтарды алып келген аракеттерге барбоого чакырат. Ошондой эле кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолук болууну сунуш кылат жана өздүк гигиенаны сактоонун зарлыдыгын эскертет.

Мындан тышкары  республикалык штаб жарандарды ар кандай сөздөргө эмес, тармактык мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырат. Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджер аркылуу тараткандарга катаал чаралар көрүлөт.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *