Site icon Reporter.kg

Өкмөт 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттарды акысыз берет

Өкмөт Кыргызстандын жаранынын 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин жоготуу учурунан тышкары, төмөнкү категориядагы жактарга акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда:

— толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жашагы балдар;

— ата-энеси экөө тең каза болгон 18 жашка чейинки жетим балдар (тоголок жетим);

— толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптар;

— 70 жашка чыккан пенсионерлерге, анын ичинде толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган карыя жарандар;

— 1941-1945-жылкы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучулары.

Көрсөтүлгөн категориядагы жактар аталган жеңилдетилген тейлөөнү алуусу үчүн тийиштүү документтерди тапшыруусу зарыл.

Exit mobile version