Site icon Reporter.kg

Өкмөт башчы: үймө-үй кыдырып аныктоодо 35 жарандан коронавирус аныкталды

Өлкө аймагында үймө-үй кыдырып аныктоодо 35 жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 30-апрелде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, оорунун очогу болуп саналган 114 аймакта 805 миң адам текшерүүдөн өткөн.

Премьер-министр 1-майдан тартып үч баскыч менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген ишканалар санитардык талаптарды так аткарууга милдеттендирилгенин эскертти:

«Ар бир ишкана өзүндө иштеген жумушчулардын илдетке чалдыгышынын алдын алат. Эгер бир киши ооруса, аны менен кошо иштеген адамдардын обсервациясы жана башка чыгымдары ишкана жетекчилигинин мойнуна коюлат»​, — деп белгиледи Абылгазиев.
Кыргызстанда коронавирус катталган жалпы саны 746га жетти.
Exit mobile version