Site icon Reporter.kg

Өкмөт башчы Араван районунда болгон окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон окуя боюнча тез арада иликтөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи. 

Жергиликтүү бийлик органдарына калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, 20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. 

Exit mobile version