Site icon Reporter.kg

Өкмөт башчы: Коомдук транспорт азырынча ишке киргизилбейт

Коомдук транспорт азырынча ишке киргизилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам-штабдын жыйынында билдирди.

«Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат», — деди Абылгазиев.

Exit mobile version