Site icon Reporter.kg

Өкмөт башчы: «Спутник V» вакцинасы дүйшөмбүдөн тарта аймактарга жеткирилет — видео

Бүгүн, 23-апрелде өкмөт башчы Улукбек Марипов «Фейсбук» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Марипов өлкөдөгү эң көйгөйлүү маселе коронавирус илдети болуп жатканын айтты.

«Вирустан сактануу үчүн кандай тартип, эрежелер кирсе бардыгын сактоого чакырам. Коронавирустун алдын алууга вакциналар келип жатат. Кытайдан келген Sinopharm вакцинасы жарандарга акысыз түрдө сайылууда. Эң негизгилерден болуп «кызыл аймакта» иштеген медкызматкерлер, милиция кызматкерлер эмделүүдө. Британиялык AstraZeneca вакцинасы май айында Кыргызстанга келет. Кечээ, 22-апрелде Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келип түштү. Анын 15 миң дозасын сатып алдык, ал эми 5 миң дозасы грант түрүндө берилди. Биринчи этапта, Бишкек, Чүй аймактарына жеткирилди, келе жаткан дүйшөмбү күндөн тарта башка региондорго дагы жеткирилет», — деди премьер-министр.

Exit mobile version