Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы алып келет

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы алып келет

Өкмөт Иракта жүргөн 70ке жакын кыргызстандык баланы өлкөгө алып келгени жатат. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бышыктады.

Мунун алдында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, Ирактагы дээрлик 70 баланы Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын айткан. Мындан тышкары Сириядагы кыргыз жарандарын да алып келүү боюнча өкмөттүк түзүмдөр сүйлөшүп жатышканын кошумчалаган.

Буга чейин өкмөт Ирактагы кыргызстандыктардын балдарын алып келүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыкканын жана атайын түзүлгөн топ жакынкы арада документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келиш үчүн Багдад шаарына барарын жарыялаган.

Өкмөт аталган өлкөлөрдөгү балдарды өлкөгө алып келүү аракеттерин бир нече айдан бери карап жатат.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>