Өкмөт ката жазылган буйрук боюнча түшүндүрмө берди

Өкмөт ката жазылган буйрук боюнча түшүндүрмө берди

Өкмөттүн басма сөз кызматы өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу буйруктун текстиндеги каталар боюнча билдирүү таратты.

Түшүндүрмөдө өкмөт коңшу өлкөнүн ченемдик укуктук актыларын  колдоноору тууралуу маалымат чындыкка дал келбей тургандыгы айтылат.

“Тексттердеги грамматикалык жана стилистикалык каталар – бул телефондук жабдуудагы же компьютердеги автоматтык котормонун кемчилдиги болуп саналат. Мындай катачылыктар электрондук жабдууларында башка тилге которуу функциясы күйгүзүлгөн колдонуучуларда кездешүүсү мүмкүн. Мындай «каталарга» жол бербөө максатында электрондук жабдууларда башка тилге которуу функциясын (Google Translate) өчүрүп коюу сунушталат.  Социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары ырастагандай, ушул сыяктуу, айрыкча одоно каталары менен ченемдик укуктук актылардын чыгарылышы мүмкүн эмес”, — деп жазылат билдирүүдө.

30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, 1-майдан тарта уруксат берилген тармактардын жоболору Казакстандан көчүрүлгөнүн айтып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>