Site icon Reporter.kg

Өкмөт кен иштетүү объекттеринде экологиялык талаптарды сактоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармайт

Өкмөт кен иштетүү объекттеринде экологиялык талаптарды сактоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармайт. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жумуш сапарынын алкагында «Вертекс Голд Компани» тоо-кен компаниясынын иши менен таанышып жатып айтты.

«Вертекс Голд Компани» компаниясы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр алтын кенин иштетип келет.

Өкмөт башчыга 300 000 тонна кен иштеткен кубаттуулуктагы алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландары тууралуу маалымдалды.

Ишкананын башкы директору Николай Ермошкин билдиргендей, бүгүнкү күнү кенди лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн жана техникалык регламент иштелип чыккан. Фабрикадан тышкары вахталык айыл, административдик-тиричилик комплекси жана башка объекттер курулат.

Белгилей кетсек, учурда кенде фабрика курулуучу аянтта бардык инженердик-геологиялык издөө иштери жасалып, жергиликтүү элдин катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү.

Азыркы тапта ишканада 500дөн ашуун адам иштейт, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары бар.

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык коопсуздук талаптарынын аткарылышын талап кылуу менен бирге инвесторлорго зарыл көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Exit mobile version