Өкмөт мүчөлөрү Абылгазиевди узатуу иш-чарасында беткап тагып, аралыкты сактаган жок — видео
18.06.2020 10:44
17-июнда Өкмөт үйүндө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өттү. Кубатбек Боронов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.
Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Жогорку Кеңештин фракцияларынын лидерлери Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев катышты.
Залда Абылгазиевди узатуу иш-чарасына чогулгандар беткап тагынбагандарын коомчулук сынга алууда. Беткап тагынбагандардын арасында Абылгазиев менен Боронов дагы бар. Ал эми учурда жүрүп жаткан пандемияга каршы 1.5 метр социалдык аралыкты сактоо менен бирге беткап тагынуу керек.
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги вирустан коргонуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керектигин күн сайын эскертүүдө.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.