Site icon Reporter.kg

ӨКМ 14-январдан 17-январга чейинки күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты

14-январдан 17-январга чейинки күтүлгөн аба ырайы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Ал эми 14-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

15-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

16-17-январларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Exit mobile version