Site icon Reporter.kg

ӨКМ: Суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн

1-июндан 3-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Бүгүн, 1-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат:

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 10…15;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 31…33 градус болот.

Exit mobile version