Site icon Reporter.kg

Акыркы суткада коменданттык сааттын эрежесин бузган 72 жаран кармалды

Бүгүн, 28-апрелге карата коменданттык сааттын эрежесин бузган 72 жаран кармалды.

Алар өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат талаптарын бузганы үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Ошондой эле 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Бишкек шаары– 57; Ош шаары — 3; Жалал-Абад шаары — 1; Сузак району — 4; Нарын шаары — 2; Ат-Башы району — 5.

Белгилей кетсек, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3654 жаран кармалды.

 

Exit mobile version