Бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-майдан баштап ишмердүүлүгүн жанданта тургандардын тизмесин айтты.
Алар: — Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, “Унаа” Мамлекеттик мекемеси;
— Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;
— Соода-сатык чөйрөсү:
— Соода борборлору, соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн кошпогондо;*
— Азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);
— автоунаа базарлары;
— мал базарлары.