Site icon Reporter.kg

Өлкө аймагында сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилиги билдирди.

Аймактар боюнча өрт кырсыгы: Ош облусу 6, Ош шаары 1, Чүй облусу 1, Ысык-Көл облусу 2, Жалал-Абад облусу 5, Баткен облусу 1 өрт кырсыгы катталган.

Кырсыктын басымдуу бөлүгү турак үйлөрдөгү жыйылып турган чөптөр жана электр зымдарынын туура эмес жайгашканынан келип чыккан.

Exit mobile version