Өлкө аймагында жакынкы күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Өлкө аймагында жакынкы күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт

Ушул жылдын 17-сентябрында күндүз жана 18-19-сентябрларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: 18-19-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, тоо этектеринде түнкүсүн 1….6°, күндүз 10…15°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 18…23°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 15…20°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

20-21-сентябрларда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>