Site icon Reporter.kg

Өлкө башчы: Башкы мыйзам укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери Конституциябыз эгемен мамлекетибиздин  өнүгүү  жолун аныктап, өлкөбүздүн соңку тарыхында өзгөчө ролду ээлеп келет. Конституция — Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду.

Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн  пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда.

Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз.

Майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалайм», — деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Конституциянын кабыл алынганына быйыл 27 жыл болду.

Exit mobile version