Site icon Reporter.kg

Өлкө башчы Коопсуздук кеңештин жыйынындагы чечимге кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге  кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Эске салсак, жыйында Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдардагы жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жана өлкөнүн стратегиялык объекттеринин тизмегине сунуштар каралган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча чечимдин долбоору кабыл алынып, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин эске алуу менен иштелип чыкты.

Exit mobile version