Site icon Reporter.kg

Өлкө башчы Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-январда Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын жана банк тармагынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата пландары жөнүндө маалымат берди.

«Жыл жыйынтыктары боюнча  банк системасынын активдери 25 млрд сомго же 11 пайызга жогорулады. Насыялык портфель жана депозиттик база  15 жана 13 пайызга көбөйдү. Насыялар жана депозиттер боюнча долларлашуу төмөндөөдө. Жыл жыйынтыгы боюнча насыялык портфелдин  долларлашуусу 2,5 пайызга, ал эми депозиттик портфелдин долларлашуусу 6,4 пайызга төмөндөдү. Мындан тышкары, Улуттук банктын алтын-валюта резервдери акыркы 5 жылда тарыхый жогорку чекке жетип,  2 млрд 417 млн АКШ долларын түздү. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 560 млн сомду түздү», — деп маалымдады Абдыгулов.

Толкунбек Абдыгуловдун билдирүүсүнө ылайык, насыялоонун көлөмүн кеңейтүү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленип жатат.

2019-жылдын 30-майынан 31-декабрына чейин «Керемет Банк» ААК жалпы суммасы 1 054,2 млн сомго 723 насыя бөлүп берген. 2019-жылдын ноябрынан баштап, бул насыялык долбоор боюнча финансылык ресурстар Кыргызстандын аймактарында иштеген бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине бөлүнүп берилүүдө.

Мамлекет башчысы өлкөнүн алыскы калктуу пункттарында кластердик долбоорлорду каржылоо, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү, төлөм карталарын,  банкоматтарды, POS-терминалдарды, төлөм терминалдарын кеңири жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Exit mobile version