Site icon Reporter.kg

Өлкөдө алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди

9- сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы  Кыргыз Улуттук филармониясында алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Салтанаттуу иш чарада Президенттин , Жогорку Кеңештин төрагасынын жана өкмөт башчынын куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9- сентябрь “Комуз күнү” катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтышты.

Ал эми музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар комуздун коштоосунда мукамдуу ырларды жана күүлөрдү аткарышты.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков  9-сентябрды “Комуз күнү” деп белгилөө тууралуу жарлыкка 29-июлда кол койгон.

 

Exit mobile version