Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Текебаев ага Жапаров жана Ташиев эмнеге түн катып барганын айтты  — видео

Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев түн катып барып Өмүрбек Текебаевден кеп-кеңеш алып,  колдоосун суранышкан. Бул тууралуу Текебаев “Азаттык” радиосуна берген маегинде айткан.

Ал Жапаровду колдой тургандыгын, бирок авторитаризм орнотом десе каршы чыга турганын айткандыгын билдирген.  

 “Садыр Жапаров менен мен 5 жолу жолуктум. Бешөөндө тең жалгыз жолуккан жокмун, жаныбызда адамдар болгон. Бир жолу өзү айткандай түндөп Камчы экөө да үйгө келишкен.  Сүйлөшүүлөрдүн маңызы бүгүнкү өлкөдөгү кырдаал, андан чыгуунун жолдору жана кеп-кеңеш сурап, колдон келсе биздин демилгелерди колдоп берип туруңуз деп суранышкан. Мен колдоп берем деп убада бергем, колдоп келе жатам. Бирок ар бир жолугушууда эки жолу башында анан аягында айткам эгер силер эски бийлик системасын алып келебиз, эски авторитардык системаны алып келебиз дебесеңер колдойм дегем. Эгер ошондой демилге менен чыгып, ошондой конституциянын долбоорун алып чыксаңар  мен биринчилерден болуп каршы чыгам дегем. Ошондуктан Садыр Жапаровдун “Текебаев кечинде сөз берип эртең менен микрофон көрсө айнып кете берет экен” дегенин олуттуу кабыл алганым жок. Мен тескерисинче өзүмүн сөзүмө туруп, жаштар сунуш кылган сыйлуу жылуу аксакалдык орунда демократиянын солдаты катары өзүбүздүн баалуулук, принциптерди коргоп күрөшкө чыгып жатам”, — деген Өмүрбек Текебаев. 

 

Exit mobile version