Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Текебаев: Апа баары жакшы болот

13-апрелде Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев акталып чыккандан кийин кандай сезимде турганы менен бөлүштү.

Анын айтымында, ал качандыр бир убакытта акталарын билгенин айтат.

“Мен байкагандан, менде жана үй-бүлө мүчөлөрүмдө кубануу сезими жок, жеңилденүү, чарчоо катары кабыл алат элем. Бүгүнкү чечимге кубанган бир кишини билем, ал апам. Мен сот отурумун унутуп калсам да, апам унутпай эстеп турчу. Апам бүгүн эрте менен реанимациядан чыкты, бул чечим апамды кубандырат деп ойлойм. Апа баары жакшы болот”, — деди Текебаев.

Белгилей кетсек, 13-апрелде Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, актады.

Exit mobile version