Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Текебаев: Болот Шер классикалык саясатчы болду

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Таластагы өзү туулуп өскөн Чоң-Капка айылында өтүп жатат.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Болот Шер саясий кеңешчи гана эмес мыкты дос экенин айтты.

«Болот Шер классикалык саясатчы болду. Ал алысты көрө билген адам болчу. Биз барыбыз Бокенин  үйүнө чогулуп анын кеңешин алчубуз. Ал жашоосунун акырына чейин партиянын штабынан кеткен жок. Болот Шердин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө койгонго да болот эле, бирок ал Таластагы өз мекенине алып барып коюшун керез кылыптыр. Мына ушундан эле Болот Шердин жөнөкөйлүгүн билсе болот», — деди Текебаев.

Коштошуу зыйнатына Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров, депутаттар, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, саясатчы Өмүрбек Бабанов жана кесиптештери, ага-туугандары катышууда.

Exit mobile version