Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Текебаев кызы Ай-Данекти турмушка узатты — видео

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев тун кызы Ай-Данек Текебаеваны турмуш жолуна узатты. Бул тууралуу Искен Афиджанов «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Ай-Данек Текебаева Максат аттуу жигитке турмушка чыккан. 

Социалдык тармакка жарыяланган видеодо ырчы Мирбек Атабеков ырдап жаткан учурда Текебаев жубайы Айгүл Текебаева менен бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, саясатчынын эки уул, эки кызы бар. Алар: Ай-Данек, Амантур, Эсентур, Айсара.

Exit mobile version