Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого барбайт

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы боюнча маселени карайт.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев да аталган жыйынга келди. Ал журналистке жооп берип жатып, Кыргызстандагы президенттик шайлоого барбай турганын айтты.

Резиденцияда Текебаев ант берип, андан кийин Жогорку Кеңештин депутатынын милдетин аткарышы керек.

Буга чейин «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз депутаттык мандатын Текебаевге берген.

Exit mobile version