Site icon Reporter.kg

Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген Шералы Абдылдаев ант берди

Жогоркук Кеңештин 31-мартындагы отурумунда “Ата Мекен” фракциясына депутат болуп келген Шералы Абдылдаев ант берди.

БШКнын маалыматына караганда, Жогорку сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкандыктан, депутаттык мандат “Ата Мекен” партиясында тизме боюнча кийинки турган, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилди.

Белгилей кетсек, 3-мартта Жогорку Сот БШКнынТекебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу токтомун жараксыз деп тапкан Бишкек шаардык административдик соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Exit mobile version