Site icon Reporter.kg

Өкмөт спортчулар менен машыктыруучулардын эмгек акысын 50% жогорулатты

Өкмөт машыктыруучулардын эмгек акысын – 50%, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын – 20% көбөйттү. Тийиштүү чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады

Кабыл алынган токтом 1500 дөн ашуун машыктыруучулардын жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин 400 гө жакын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтөт.

Муну менен бирге Өкмөттүн 2018-жылдын    23-ноябрында кабыл алынган  “Кыргызстандын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар” жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул токтом спортчулардын эл аралык мелдештерде жогорку  натыйжаларга жетишкендиктери үчүн стипендия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга багытталган.

Стипендиялар спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча – 7 категорияга, спорттун улуттук түрлөрү боюнча – 3 категорияга жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча – 4 категорияга бөлүнөт:

Алдыңкы спортчуларга жобого ылайык стипендиялардын өлчөмдөрү календардык жыл ичинде спортчулар көрсөткөн натыйжаларга жараша, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттик каржыланышынын чегинде белгиленет жана стипендиаттарга ай сайын төлөнөт.

1) спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:

— I категория – 75,0 (жетимиш беш) миң сом;

— II категория – 60,0 (алтымыш) миң сом;

— III категория – 50,0 (элүү) миң сом;

— IV категория – 40,0 (кырк) миң сом;

— V категория – 30,0 (отуз) миң сом;

— VI категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

— VII категория – 10,0 (он) миң сом;

2) спорттун улуттук түрлөрү:

— I категория – 25,0 (жыйырма беш) миң сом;

— II категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

— III категория – 15,0 (он беш) миң сом;

3) спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:

— I категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

— II категория – 15,0 (он беш) миң сом;

— III категория – 10,0 (он) миң сом;

— IV категория – 8,0 (сегиз) миң сом.

 

Exit mobile version