Site icon Reporter.kg

Өткөн жылы Кыргызстанда 11 миңге жакын үй-бүлөнүн ажырашуусу катталган

Өткөн жылы Кыргызстанда 49 миң 395 түгөй нике күбөлүгүн алган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, никеге туруу Ош облусунда 11 миң 500, Жалал-Абад облусунда 9 миң, Бишкекте 7 миңден ашык, Нарында 1 миң 700, Таласта 1 миң 600.

2019-жылы 10 миң 995 үй-бүлөнүн ажырашуусу катталса, 2018-жылы 10 миң 434 үй-бүлө эки ажырым жолго түшкөн.

Ажырашуу эң көп Ош облусунда катталган. Анда 11 миң 500 үй-бүлөнүн 2 миңден ашыгы ажырашып кеткен.

 

Exit mobile version