Site icon Reporter.kg

Өткөн жылы 36 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталган

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-майда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Прокуратура органдарынын учурдагы ишмердүүлүгү жана алардын алдына жакынкы келечекке коюлган артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура органдарынын иши жөнүндө отчет берип, коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо түзүмдөрү тарабынан мыйзамдардын бирдей  аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымдады.

Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен 2019-жылы 36 миңден ашуун мыйзам бузуу аныкталып, прокуратура органдары тарабынан укук бузууларды калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлүп, мамлекеттин пайдасына 1 миллиарддан ашуун сом кайтарылгандыгы белгиленди.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин жана Сот реформасы боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Президент прокуратура органдары тарабынан өлкөдө мыйзам үстөмдүүлүгү жана мыйзамдуулуктун бекемделиши сөзсүз түрдө камсыз болушу керектигин баса белгиледи. Мамлекеттик бийлик органдарында, укук коргоо органдарында коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарга карабастан, соттук-укуктук реформаны жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Exit mobile version