Site icon Reporter.kg

Өз жанын кыюуга аракет кылган 2 кыргызстандыкты токтотуп калышты

Өз жанын кыюуга аракет кылган 2 кыргызстандыкты токтотуп калышты. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, соңку суткада өз жанын кыюуга аракет кылган 2 жаранды токтотуп калышкан. 

Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну болгон. Анда 15-сентябрь саат 16:10до  борбор калаанын Рыскулов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну 5-кабаттын терезесине чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган. Ал жерге барган куткаруучулар, жаранды алып түшүшүп милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда саат 09:27де Сакалды айылынын тургуну 1976-жылы туулган киши насостук станциянын башына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган. Ал жерге барган куткаруучулар, жаранды алып түшүшүп милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

 

Exit mobile version