Site icon Reporter.kg

Өзбекстан бажы тартиптерин бузгандарга айып пулдун өлчөмүн жогорулатты

Өзбекстанда Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекстин бажы тартиптерин бузууга байланышкан бөлүктөрүнө бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилди.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин Telegram каналы кабарлагандай, тиешелүү мыйзамга президент Шавкат Мирзиёев 31-октябрда кол койгон.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, белгилүү бир бажы режиминдеги товарлар менен транспорт каражаттарын колдонуу үчүн жарандарга 20дан 30га чейин, кызматтык адамдарга 30дан 50гө чейин минималдык айлык акы өлчөмүндөгү айып пул салынат.

Мындан тышкары бажы тариздөөсүнөн толук өтө элек товарлар менен транспорт каражаттарын колдонуу үчүн жарандарга 20дан 30га чейин, кызматтык адамдарга 30дан 50гө чейинки минималдык айлык акы өлчөмүндөгү айып пул каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет.

Exit mobile version