Site icon Reporter.kg

Өзбекстан БШКсы парламенттик шайлоодо беш партия өткөнүн айтты

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

Ага ылайык, парламентте ири фракцияны Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы түзөт.

«Азырынча 150 округдун 128инде шайланган депутаттар белгилүү. 43 орун Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясына, 35 орун «Улуттук кайра жаралуу» партиясына, 21 орун «Адилет» социал-демократиялык партиясына, 18 орун Элдик-демократиялык партияга жана 11 орун Өзбекстандын экологиялык партиясына тийди», — деп билдирди БШКнын жетекчиси Мирзо-Улугбек Абдусаломов.

Көз карандысыз эксперттер парламентке өткөн беш партия тең негизги маселелер боюнча президент Шавкат Мирзиёевди колдой тургандыктарын билдиришүүдө.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 70% же 18 797 810 адам катышты.

ЕККУнун байкоочулары бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден берки алгачкы парламенттик шайлоо атаандаштык негизде өткөнүн белгилешти.

Exit mobile version