Site icon Reporter.kg

Өзбекстан Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя берет

1-августта Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында үч документке кол коюлган. Алар айыл чарба тармагында кызматташтыкты өркөндөтүүгө багытталат.

Мындан тышкары Өзбекстан Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө насыя берет. Бул тууралуу өлкөнүн экономика министри Санжар Муканбетовдун айткандарына таянып жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Маалыматка караганда, бул кредиттик линияны ачуу тууралуу эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы күзүндө макулдашкан.

«Насыя Кыргызстандын ишкерлерине берилет, контрбанк катары «Айыл банк» тандалды. Биз бул каражат жүн жана терини кайра иштетүү менен алектенген ишкерлерге берилсин деп сунуштап жатабыз», — деди Муканбетов.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу учурунда өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин жеткирүүгө бирдей умтулуу керектигин айтышкан.

 

Exit mobile version