Site icon Reporter.kg

Өзбекстанда ишкерлерди коомдук жумуштарга тартууга тыюу салынды

13-августта Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев ишкерлерди коомдук жумуштарга тартууга тыюу салган жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Документте жергиликтүү акимчиликтерге ишкерлерди негизги кызматына катышы жок жумуштарга тартууга тыюуу салды. Ишкерлерди төмөндөгү жумуштарга тартууга болбойт:

демөөрчүлүк жана кайрымдуулук көрсөтүүгө;

жашылдандыруу иштерине тартууга;

металлолом жана макулатура жыйноого мажбурлоого тыюу салынат.

Муну менен катар ишкерлер айыл чарба жумуштарына катышууга жана акча чогултууга милдеттүү эмес экени белгиленген.

Exit mobile version