Site icon Reporter.kg

Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 4 адамга жетти

Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 4 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты.

Белгилей кетсек, 15-мартта Франциядан  Ташкентке учуп келген аял вирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Көп өтпөй анын уулу менен кызынан жана Стамбулдан Ташкентке кайткан  дагы бир адамдан коронавирус илдети аныкталган.

Балдары менен ооруну жуктуруп алган аялдын кошуналары стационардык байкоого алынган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, коронавируска каршы чогуу аракеттенүүнү макулдашкан.

Exit mobile version