Site icon Reporter.kg

Өзбекстандагы сынакта кыргыз комузчулары женүүчү болду

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк таронлары — 2019» сынагында кыргыз комучулары 1-орунду багындырышты. Алар бир тууган ага-ини Эламан жана Айбек Каныбековдор. Сынактын баш байгеси 5 миң доллар.

Каныбековдор Карамолдо Орозовдун “Жаш кербез”, Нурак Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, Атай Огомбаевдин “Ак тамак — Көк тамак” жана Ниязалы Борошевдин “Кара өзгөй” күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.

Сынак эки жылда бир өтөт. Быйыл калыстар тобунда мүчөлүк кылып Кыргыз Эл артисти Роза Аманова да болгон.

Аталган иш-чарага Өзбекстандан президенти Шавкат Мирзиёев да күбө болгон.

Exit mobile version