Site icon Reporter.kg

Өзбекстандын Чечме булактагы топографиялык иштери боюнча эки өлкөнүн чек арачылары жолукту

Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Эки тараптын жолугушуусу кечээ, 24-июнда Кадамжай районундагы Чечме айылында болду. Сүйлөшүүгө чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ички иштер органдарынын жетекчилери да катышты.

Жолугушууда тараптар Өзбекстандын чек ара кызматы тарабынан 23-июнда Чечме айылындагы булактын жанында жүргүзүлгөн топографиялык иштерин талкуулашты. Кыргыз тарап аймакта топографиялык сүрөт, видео тартууга жана башка иштерди Кыргызстандын тиешелүү кызматтары менен макулдашуусуз жүргүзүүгө мүмкүн эместигин белгиледи. Өзбекстан тарап буга макул болду.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар кыргыз-өзбек чек арасында жүргүзүлүүчү иш-чаралар тууралуу алдын ала маалымдоого жана макулдашууга келишти. Кыргызстандын Чек ара кызматы Чечме айылындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 23-июнда Кадамжайдагы Чечме айылында жайгашкан Чечме булакка Өзбекстандын чек арачылары келип, топографиялык иштерди жүргүзгөнүн жазып чыгышкан.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жаракат алганы кабарланган.

 

Exit mobile version