Site icon Reporter.kg

Өзбекстандын премьер-министри отставкага кетти

Өзбекстанда Абдулла Арипов жетектеген азыркы өкмөт кызматын тапшырды. Бул тууралуу «Марал» жазды.

Мыйзамга ылайык, Олий Мажилисте жаңы өкмөт кызмат өтөп баштардын алдында Министрлер кабинети бийликти өткөрүп берет. Бирок жаңы курам президенттин уруксаты менен расмий жумушун баштаганга чейин учурдагы өкмөт милдетин аткаруучу катары жумуш алып бармакчы.

Эске салсак, 22-декабрда Өзбекстанда өткөн Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча беш партия Олий Мажилиске келди. Алардын  арасынан эң көп добуш алган бийликтин Либералдык-демократиялык партиясы болду.

Өзбекстандын мыйзамы боюнча Олий Мажилисте көп орунга ээ болгон партия өкмөт башчыны сунуштайт. Ага ылайык, аталган партия учурдагы премьер-министр Абдулла Ариповду өкмөт башчылыкка кайрадан көрсөттү.

Exit mobile version