Site icon Reporter.kg

Өзгөчө кырдаал учурунда аймактарга кетүүчү жолдор ачык болот

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режимине карабай аймактарга кетүүчү негизги жолдор ачык болот. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов билдирди.

Анын айтымында аймактарга кетүүчү жолдорго блокпосттор коюлуп, айдоочулар менен жүргүнчүлөр каттоого алынып, тепловизор менен ар бир адамдын дене табы текшерилип жатат.

“Эгерде кандайдыр бир чечим кабыл алына турган болсо аны өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөгөн ыкчам штаб чечет. Азырынча бардык жолдор ачык”, — деди Досумбетов.

Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетин жайылтпоо максатында 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин киргизди. 

Бүгүн, 22-март саат 11:46га карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Буга чейин вирусту жуктуруп алгандар 14 адам. 

сүрөт: azattyk/ Эрнис Нурматов
Exit mobile version