Site icon Reporter.kg

УКМКнын Оштогу башчысы жаңы кызматка дайындалды

Акылбек Мазарипов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарын дайындоо жөнүндөгү № 425 буйругуна кол коюлган.

Буйрукка ылайык өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Акылбек Мазарипов Абдувалиевич дайындалды.

Белгилей кетсек, министрдин орун басары 1968-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында туулган.

Exit mobile version