Site icon Reporter.kg

Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы эки айга камалды

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун жардамчысы Нурбек Жолборсов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына 2 айга камалды. Маалыматты Reporter.kg`ге Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова ырастады.

“Эмне иш жана кайсы берененин негизинде кармалганы тууралуу маалыматым жок. 6-июлда киригизилген, 6-сентябрга чейин камакта болот”, — деди Сабатарова.

Маалыматтын чоо жайын билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышканбызда, мекеменин басма сөз катчысы Элмира Шерипова эч кандай коментарий бере албасын айтып, “Башкы прокуратурага кайрылгыла” деди.

Reporter.kg агенттигинин Башкы прокуратура менен байланышуу аракетинен майнап чыкпады.

Ал эми “Азаттык” ишенимдүү булактарынга таянуу менен Нурбек Жолборсовдун Аскер прокуратурасы тарабынан кармалып, камакка алынганын жазып чыкты. Анда министрдин жардамчысынын жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы жазылган.

Exit mobile version