Site icon Reporter.kg

Өзгөчө ыр жаздырдым. Чыпалак баатыр ырчылыкка аттанды

Коомчулукка Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов «Бул жашоо, өмүр бир келет» аталшындагы чыгармасын элге тартуулады. Аликеновдун ыры бир канча ютуб каналдарына тарап, элдин сынынан өтүүдө.

Чыгармачылыкка олуттуу кириштим деген Зарылбек Аликенов буларга токтолду.

«Өзгөчө ыр жаздырдым деп ойлойм. Өзүмдү ырчы катары да сынап көрүп, эгер элге жакса жаңы бийиктиктерди багындырам деп турам. Бул ырда өзүмдүн чыныгы жашоомду чагылдыргым келди. Тактап айтканда, ыр өзүмдүн жашоомдон алынып жазылды. Буюрса жакшы кетти окшойт. Телеканалдар, радиолор ырды сурап алышты. Мыкты ырчылар бул ырымды угуп, «мунуң хит болот» дешти», — деп билдирди Аликенов.

Ырдын сөзү, обону Чыпалак баатырдын продюсер-менеджери Микашка (Мыктыбек Ашырбай уулу) таандык.

«Чыпалак баатыр мага ырдап чыккысы келгенин айтты. Мен алгачкы ыр анын жашоосу тууралуу болсун дедим. Чыгарманы даярдап, кийин студияга барып аранжировкаладык. Чыпалак баатыр өзүнө тиешелүү тексттерди ырдады, мен рэпти айттым», — деди Микаш.

Микаштын айтуусунда, учурда клип тартууга демөөрчүлөрдү издеп башташкан, ишин жаңыдан баштаган клипмейкерлерден сунуш түшүп жатат. Бирок аларга көп ишеним артуу кыйын болууда.

 

Exit mobile version