Site icon Reporter.kg

№7178 шайлоо тилкесинде жараксыз бюллетендер көп

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо азыр өлкө боюнча жана чет өлкөлөрдө добуш берүү жүрүп жатат.

Reporter.kg’нин журналисти Аламүдүн районунун Аламүдүн айылында жайгашкан №7178 шайлоо участкасында болду.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Күлмира Канатованын айтымында, бир округ боюнча 2450 шайлоочу, бир мандаттуу округ боюнча 2456 шайлоочу катталган.

Саат 14:30га карата 300дөй шайлоочу добуш берди.

«Баары жакшы жүрүп жатат, байкоочулар ыраазы. Эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган жок», — деди ал.

Журналистке АШКнын кызматкерлери шайлоо бюллетенин жабдыкка тыгылып калганын айтып, байкоочулардын көзүнчө автоматташтырылган башкаруу системасын ачканын билдирди.

Буга төрайым жараксыз себеттин ичинде бузулган бюллетендер көп болгондуктан, куржун толуп калганын жана башка бюллетендерди кабыл албай турганын эскертти.

«Жөн эле элдин маалыматы начар болгондуктан, бир талапкерге же партияга добуш берүү керектигин билишпейт, ал эми кээ бирлери эки талапкерге/партияга белги коет, ушундан улам система аларды жараксыз деп эсептейт», — деп кошумчалады ал.

Exit mobile version